13:13
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.13

Кубанычбек Атажанов ЖККУдагы Кыргызстандын өкүлү кызматынан бошотулду

Кубанычбек Атажанов ЖККУнун Туруктуу кеңешиндеги Кыргызстандын туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна алты өлкө кирет: Орусия, Тажикстан, Беларусь, Кыргызстан, Армения жана Казакстан. Армения жакында ЖККУнун иш-чараларына жана машыгууларына катышуусун чектеди. Ереван ошондой эле уюмдан чыгууну карап көрүшү мүмкүн экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар