Бишкек шаарында Алтымышев көчөсүнүн боюндагы Ала-Арча дарыясынын жээгин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, бул иш-чара өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында дарыя нугун тазалоочу атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылууга багытталган.
- 57 метр темир тосмолор;
- 6 жеңил типтеги объект;
- 4 күркө;
- 2 контейнер;
- Жалпы аянты 80 чарчы метр болгон бастырмалар;
- 4 капиталдык объект (анын ичинде химтазалоо түйүнү жана сулуулук салону);
- 12 чарбалык курулуш;
- 9 капиталдык тосмо.
Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жаранга жалпы суммасы 150 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Алтымышев көчөсү, 124 дарегинде жайгашкан СПА-салондун жер тилкесин бошотуу маселеси боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгына расмий кат жөнөтүлдү. Бул объекттин мамлекеттик актысы бар экендигине байланыштуу иш мыйзам алкагында каралууда.

