ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 108-орунга түшүп калды. Рейтингдин жаңыланган версиясы уюмдун сайтында жарыяланды.
Команда учурда 108-орунда турат.
Эскерте кетсек, команда Түркияда эки жолдоштук беттеш өткөргөн. Алгач биздин оюнчулар Экватордук Гвинеяга 0:1 эсебинде, андан кийин Мадагаскарга 2:5 эсебинде утулуп калышкан.
Январь айындагы рейтингде Кыргызстан курама командасы 103-орунда болгон.

