Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин 5 кабаттуу кошумча корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Жаңы имарат окуу жайдын негизги корпусуна жакын, Жантөшев көчөсү, 113 дарегинде жайгашкан. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка чейин көтөрүлүп калды. Ал эми жертөлө кабатында кыш коюу иштери толугу менен аткарылып, 1-кабаттын дубалдары 40 пайызга аяктады.
Долбоорго ылайык, окуу корпусу 4 кабаттуу «А» жана 5 кабаттуу «Б» блоктордон туруп, мугалимдер жана студенттер үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттарды камтыйт.
Белгиленгендей, бүгүн министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ал тиешелүү жетекчилерге курулуш иштеринин сапатына жана иштин аткарылыша өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

