Бишкекте 4 миллион сомдон ашык акчага байланыштуу алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1970-жылы туулган Д.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда иш боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Милиция алдамчылыктын курмандыгы болгондорду дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууга же «102» кыска номери аркылуу кабарлоону эскертет.

