Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндары башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-марттан 28-мартка чейин өтө турган бул ири маданий иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн эл аралык делегациялар келди. Алар өз өлкөсүнүн бай маданий мурасын ар түрдүү чыгармачылык багыттардагы өнөрлөр аркылуу көрсөтүүнү пландаштырууда.
Ачылыш аземи 24-мартта саат 14:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, достуктун, маданий алмашуунун жана чыгармачыл биримдиктин символу болуп, эл аралык кызматташтыктын жаңы барагын ачат.
Оюндардын программасы 8 конкурстук номинацияны камтыйт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк.
Бул оюндар мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдөө, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана жаштардын кызматташтыгын арттыруу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

