14:11
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Дачада көмүлгөн сөөк: Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

Чүй облусунда мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-мартта «Южная» дачасынын аймагында белгисиз адамдын жерге көмүлгөн денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган даректен эркек кишинин сөөгү табылып, маркумдун аты-жөнү аныкталган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы
Фото Чүй облустук ички иштер башкармалыгы. Шектүү

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү 19-мартта үч белгисиз жаран менен таанышкан. Алар менен бирге баңгизаттарды колдонгондон кийин ортолорунда чыр чыгып, мушташка айланган. Окуя учурунда эки жаран качып кеткен, ал эми шектүү 33 жаштагы маркумду кармап калып сабаган. Андан кийин аны дачасына алып барып, ал жерде дагы уруп-сабоону уланткан.

Натыйжада жабырлануучу каза болуп, шектүү анын сөөгүн дачанын аймагына көмүп, кийимдерин жана жеке буюмдарын ар кайсы жерлерге таштап салган. Ошондой эле шектүү 2014-жылдан бери психиатр дарыгердин каттоосунда турары аныкталган.

Тергөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар