Таиландда аяктаган Дүйнөлүк бокс боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык мушкер Усман Капаров коло медалды жеңип алды.
Мелдешке 19 жашка чейинки спортчулар катышты.
Биздин спортчу 80 килограмм салмак категориясында беттешке чыкты.
Чейрек финалда Усман Капаров алжирлик Абделмажид Хоуарини жеңип алды. Жарым финалда ал казакстандык Тимур Тайбековго утулуп калды.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын август айында Усман Капаров Таиландда да өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалды жеңип алган.

