Эртең, 7-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −1...+4, күндүз 9...14;
Таласта түнкүсүн −2...+3, күндүз 8...13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −2...+3, күндүз 3...8;
Нарында түнкүсүн −1...-6, күндуз 1...6.
Бишкекте түнкүсүн −1°...+1°, күндүз 11...13° жылуу болот.

