2025/2026-жылкы УЕФА Чемпиондор Лигасынын плей-офф беттештери аяктап, Европадагы эң маанилүү мелдештин 1/8 финалынын катышуучулары аныкталды.
Чемпиондор Лигасы. 1/8 финалдын катышуучулары:
- ПСЖ — Барселона/Челси;
- Галатасарай — Ливерпуль/Тоттенхэм;
- Реал Мадрид — Спортинг/Манчестер Сити;
- Аталанта — Арсенал/Бавария;
- Ньюкасл Юнайтед — Челси/Барселона;
- Атлетико Мадрид — Тоттенхэм/Ливерпуль;
- Бодо-Глимт — Манчестер Сити/Спортинг;
- Байер — Бавария/Арсенал.
Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын беттештеринин чүчүкулактары эртең, 27-февралда өтөт. Азем Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат.
Эске сала кетсек, Чемпиондор Лигасынын учурдагы сезонунун 1/8 финалдык беттештери 2026-жылдын 10-11-мартында жана 17-18-мартында өтөт. Финал Будапешттеги «Пушкаш Аренасында» өтөт. Мелдештин чечүүчү беттеши 2026-жылдын 30-майында өтөт.

