Шопоков шаарынын мэри Ражу Норузбаев кызматтан кетти. Шаардык башкармалык анын өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын ырастады.
Ражу Норузбаев бул кызматка 2025-жылдын жайында дайындалган. Ал буга чейин Кара-Балта мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген.

