04:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Кыргызалтындын» башкармалык төрагасы отставкага кетти

«Кыргызалтын» ААК башкармалык төрагасы Алмаз Алимбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 24.kgагенттигине өз булагы билдирди.

Бирок Алимбековдон да, компаниянын басма сөз кызматынан да комментарий ала албадык.

Эске салсак, бир айдан бери «Кыргызалтындын» директорун алмаштыра албай келишти. Митингге чыккандардын айтымында, Алмаз Алимбеков кызматтык милдетин аткара албай жатат. Компаниянын жамааты Алимбековду коргоп чыгып, ал иштей баштагандан бери бир топ инвесторлорду тартып келгенин айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар