13:56
USD 87.45
EUR 103.55
RUB 1.14

Эрмек Өмүралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалды

Эрмек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка Кыргызстандын президенти кол койду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Эрмек Өмүралиев
Мындан тышкары, ал БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Дүйнөлүк азык-түлүк программасында жана Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматтарын айкалыштырат.

Эрмек Өмүралиев тууралуу маалымат:

Кесипкөй дипломат. Ал Тышкы иштер министрлигинде 1990-жылдардын ортосунан бери иштеп келет. Министрликтин борбордук аппаратында жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө ар кандай кызматтарды ээлеген. Ал министрликтин Экономикалык дипломатия департаментин жетектеп, инвестицияларды тартуу, экспортту илгерилетүү жана туризм маселелерин көзөмөлдөгөн. Ошондой эле, жарандык авиация тармагында да тажрыйбасы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар