Кыргызстандык спортчу Тимур Шакиров гигант слалом боюнча жарышка чыгат
Ал кечээ, Италиядагы кышкы Олимпиада оюндарында слалом боюнча биринчи жарышка чыгып, 62-орунду ээледи.
81 спортчу катышкан тоо лыжа тебүү боюнча мелдеш кечээ жыйынтыкталды.Тимур Шакиров биринчи аракетинде 1 мүнөт 29,52 секундда аралыкты басып өтүп, 67-орунду ээледи. Экинчи аракетинде ал 1 мүнөт 22,5 секундда марага келип, 63-орунду ээледи.
Эки аракеттен кийин биздин спортчу жалпы эсепте 62-орунду ээледи.

