БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча № 13 округдун жыйынтыгы жокко чыгарылган чечимге байланыштуу арыздарды карады. Ушул округ боюнча үч талапкер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова БШКга кайрылып, ошол чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн.
Алар № 13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарууга талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын добушканаларга телефон орноткону негиз болгонун, башка талапкерлердин эч кандай мыйзамсыз аракети катталбаганын жүйө келтиришкен.
Комиссиянын жумуш тобу 30-ноябрда № 13 округда өткөн добуш берүүнү өттү деп таап, жогорудагы үч талапкерди жеңүүчү деп таанууну сунуштады.
Отурумда Ички иштер министрлигинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов кылмыш иши боюнча маалымат берип, тергөөдө добушканаларга телефондорду орнотууда талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын белгиледи. Бул боюнча эки жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын билдирди.
Ал ошондой эле бул округдан шайлоого катышкан калган 13 талапкерге эч кандай кылмыш иши козголбогонун тактады.
Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү 13-округда 30-ноябрдагы шайлоо өткөнүн таанып, талапкерлер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тапты.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. № 13 округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. Мындан соң кайра шайлоо жарыяланып, добуш берүү 1-мартка белгиленген. Ал үчүн 25 талапкер каттоодон өтүп, учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан.

