Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жалал-Абад облусундагы № 13 шайлоо округунда парламенттик шайлоого катышуу үчүн он алты талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алар:
- Арстанбеков Акылбек Советбекович — «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы;
- Маматаев Эркинбек Садирбекович — убактылуу иштебейт;
- Асанов Уланбек Жалалович — «Эмитент виртуальных актиыдери» ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы;
- Асамудинов Бактыбек Асанович — жактоочу;
- Калматов Токторали Калдарович — жеке ишкер;
- Чолпонов Уланычбек Калдарбекович — Базар-Коргон РЭТнин жетекчиси;
- Матсаков Кадырбек Мусаевич — жеке адвокат;
- Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна — Түштүк региону боюнча бажы кызматынын бөлүм башчысы;
- Мацаков Бакыт Калбаевич — «БОУЛ» ЖЧКнын директору;
- Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович — убактылуу иштебейт;
- Базаркулова Нурсыйда Манасовна — Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин мугалими;
- Чомоев Алмазбек Алтынбекович — жеке ишкер;
- Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович — Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси;
- Мансуралыев Залкарбек Медетбекович — «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК, юрист;
- Исраилжан уулу Өсөрбек — Убактылуу иштебейт;
- Койчуманова Нуркан Кадыровна — Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы
Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.
Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.

