Бүгүн, 12-январда Кыргызстандын 23 жашка чейинки курама командасы Азия Кубогунда Иордания курамасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Беттеш Сауд Аравиясынын Жидда шаарындагы «Кинг Абдулла Спорт Сити» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:30да башталат.
Турнир Сауд Арабиясында өтүп, төрт топко бөлүнгөн 16 команда катышып жатат. Топтук этаптан алдыңкы эки команда плей-оффко чыгат.
Турнирдин түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жеткиликтүү болот. Белгилесек, курама команданын ар бир беттешине күбө болуу үчүн күйөрмандарга арналган фан-зона уюштурулат. Фан-зоналар жана беттештердин түз көрсөтүүлөрү тууралуу кошумча маалымат кошумча берилет.
Эскерте кетсек, Жиддада U-23 категориясындагы Азия кубогу үчүн тайпадагы беттештер өтүүдө. 6-январда Кыргызстан Сауд Арабиянын футболчулары менен ойноп, 0:1 эсебинде утулуп калган.
9-январда Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Вьетнамга жеңилип, мелдеш 1:2 эсеби менен жыйынтыкталган.

