19:26
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

ЖКККББ чет өлкөдөн келген унааларды 10 күндүн ичинде каттоо керектигин эскертти

Чет өлкөдөн каттоодон чыгарылып келген унаалар өлкөбүзгө киргенден кийин 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти.

Маалыматка ылайык, эгер каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилип, тиешелүү айып салынат.

«Ошондой эле эгер унаанын терезелери ал өлкөдө караңгылатылган болсо, биздин өлкөдө аны колдонууга уруксат албай туруп, айдоого болбойт. Уруксат алышыңыз керек же терезеден чечип коюу зарыл.

Болбосо 20 миң сом айып салуу каралган», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар