УКМК тергөө операциясынын жүрүшүндө өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган кыргызстандык жаранды кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жана УКМК кызматкерлеринин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР жараны Б.К.Б. кармалды. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы кызматкери болгон.
Аталган жаран өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп, жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен ишкерлерди коркутуп, алардан 26 300 доллар тартып алган.
Ошол эле учурда К.Б.К. социалдык жана ишкердик абалын маанилүү кылып көрсөтүү үчүн өзүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы, ага түздөн-түз баш ийген адамы катары тааныштырып, ошондой эле анын уулу менен достук мамиледе экендигин айтып коркуткан.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
УКМК Б.К.Б.нын аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын нөөмөт кызматына кайрылууну суранат: 0312530301.

