19:10
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 11,7 пайызга төмөндөдү

Кыргызстанда 8-декабрдан 14-декабрга чейинки жумада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 37 629 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөгөн.

Бардык учурлардын 72,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар болгон.

 Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында A/H3N2, A/H1N1, B жана COVID-19 грипптери катталган.

Оорунун жогорку көрсөткүчүнө байланыштуу Бишкекте кошумча керебеттер жана мобилдик клиникалар ачылды. Шаардык балдар ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн жүгүн жеңилдетүү үчүн ооруканада убактылуу иштөө үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамдан 10 педиатр дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар