Жолугушууда кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде энергетикалык кызматташтык талкууланды. Өз ара кызматташуунун динамикалуу өнүгүшү жана эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли белгиленди.
Президент Сердар Бердымухамедов Ашхабадда президент Садыр Жапаровду тосуп алып, форумга катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан кылымдар бою келе жаткан достук байланыштарга, маданияттардын окшоштугуна жана өз ара сый-урматка негизделген Кыргызстан менен болгон өнөктөштүктү бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгиледи.
Түркмөнстандын президенти өз ара кызыкчылыкты туудурган мамилелерди мындан ары да чыңдоого түркмөн тарап даяр экендигин ырастады.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров боордош түркмөн элинин салттуу меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан президентти жана бүткүл түркмөн элин тарыхый даталар — Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.
Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен тарыхый жактан калыптанган достук жана бир туугандык мамилелерди жогору баалай турганын жана аларды узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн бекем негизи катары караарын баса белгиледи.
Ошондой эле ал президент Сердар Бердымухамедовду жана Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовду каалаган ыңгайлуу убакта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Садыр Жапаров келерки жылдын күзүндө Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар пландаштырылганын белгилеп, президент Сердар Бердымухамедовду Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууга, ошондой эле Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары келүүгө чакырды.
Кыргызстандын президенти транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал тараптардын аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык мультимодалдык коридорлордун толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташып, бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыктарын билдиришти

