Кыргызстандын 2025-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 153,8%га көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев минкабдын кезектеги жыйынында билдирди.
Касымалиев белгилегендей, консолидацияланган бюджет бекитилгенде 708,8 млрд сом болчу. Азыр бул көрсөткүч 381,7 млрд сомго өстү.
«Бүгүн биз 2025-жылга консолидацияланган бюджетти карап жатып, бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы — триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу, азыр — 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8%га көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз», — деп айтты ал.

