Акыркы күндөрү социалдык тармактарда «Таш-Рабат» архитектуралык эстелигинде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жалган маалымат тарап жаткандыгын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, «Таш-Рабат» архитектуралык эстелиги табигый жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда тургандыктан 2025-жылы реставрациялоо боюнча тендер өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү «Юг-Стройсервис» ААК болуп аныкталган. Иш-чаралар «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасынын алкагында аткарылууда.
«Таш-Рабат» архитектуралык эстелигин реставрациялоо тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамга жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.
Реставрация «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жасалууда.
«Кыргызреставрация» илимий-изилдөө институту тарабынан атайын илимий долбоор даярдалып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда бир нече илимий кеңешмелер жана жеринен изилдөөлөр өткөрүлгөн.
Тосмо жана чатыр — реставрацияны коргоо үчүн орнотулган убактылуу чаралар деп баса белгилейбиз. Анткени, реставрация иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн:
— эстеликти мал-жандыктардан коргоо максатында айлана тосмолор менен курчалды;жаан-чачындын тийгизген зыянын азайтуу жана адистерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн убактылуу чатыр орнотулду.
— Бул конструкциялар — убактылуу, реставрация аяктаганда алып салынат.
— Иштер толугу менен илимий негизде жүргүзүлүүдө
Ар бир кадам адистердин корутундуларына, лабораториялык изилдөөлөргө жана тарыхый материалдарга таянат. Иштердин максаты — Таш-Рабаттын түпкү тарыхый келбетин сактап калуу, аны өзгөртүү же талкалоо эмес.
Министрликтин коомчулукка маалыматты таратууда тактыкты сактоону өтүнөт. Эгерде жарандарда же адистерде илимий негиздүү сунуштар болсо, Министрлик аларды угууга жана талкуулоого ар дайым даяр.
Эске салсак, Таш-Рабаттагы акыркы чоң реставрация XX кылымдын 70—80-жылдарында жүргүзүлгөн. Учурдагы иштер — анын тарыхый маанисин жана келечек муундар үчүн баалуулугун сактап калууга багытталган.

