USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым райондордо суу убактылуу токтотулат

08:30, 29 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 29-августта, саат 10:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым бөлүгүндө таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу Лев Толстой көчөсүндөгү диаметри 200 мм болгон суу түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

Л.Толстой көчөсү

Асаналиева көчөсү

Фучик көчөсү

Темир жол линиясы

Садырбаев көчөсү

"Жөндөөлөр пландуу иштердин алкагында жүргүзүлүп жатат. Бишкек мэриясы калкты жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат. Шаар жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт",-деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика