USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы төрага дайындалды

15:12, 20 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Директорлор кеңешинин чечими менен Эмил Такырбашев Кыргызстан Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмил Такырбашевдин финансы-банк тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Эл аралык экономикалык мамилелер жана бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери боюнча жогорку экономикалык билим алган. Ал стажердон баштап жетекчилик кызматка чейинки жолду басып өткөн. KSFC жана РСК Банктарында иштеп, тажрыйба топтогон.

 

14 жылдан ашык микрокредиттик жана лизингдик компанияларды жетектеген. Бир катар эл аралык долбоорлордо эксперт жана консультант болуп иштеген.

«Эл аралык өнүктүрүү фонддорунда 5 жылдык тажрыйбасы бар. Финансы, казыналык операциялар жана кредиттөө жаатында терең билимге жана практикалык тажрыйбага ээ», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика