Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекназар Базаралиев «Барскоон-Каракол» унаа жолунун тилкесин реконструкциялоо боюнча China Road and Bridge Corp (КЭР) менен келишим түздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кол коюу келишими Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Караколго чейинки 141-чакырымынан 216-чакырымына чейинки узундугу 75 чакырымды түзөтүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында өттү. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Долбоорго ылайык, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет жана ортодо бөлгүч тосмолор орнотулат. Ошондой эле долбоордо тротуарларды, автобус токтоочу жайларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн жертөлө өтмөктөрүн куруу, калктуу конуштарда көчө жарыгын орнотуу, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана арык лотокторун куруу каралган.
Генералдык подрядчыга кыска мөөнөттүн ичинде базаларды, карьерлерди даярдоо жана долбоор участогуна кызматкерлер менен атайын техникаларды мобилизациялоо иштерин баштоо тапшырмасы берилди. Курулуш иштеринин башталышы ушул жылдын май айынын аягына пландаштырылууда.
Эске сала кетсек, АӨБ Барскоон-Каракол унаа жолунун тилкесин реконструкциялоого 109,5 миллион доллар бөлгөн. Документ үстүбүздөгү жылдын апрель айында ратификацияланган. 87 миллион доллар 32 жылдык кредит, 22,5 миллион доллар грант катары берилген. Айланма жолдун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт.