USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Бишкектеги жер мунапасы. Мэрия арыздарды кабыл алууну улантууда

13:24, 25 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу жана шаар куруу башкармалыгы жер мунапасына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган Ленин районунун жарандарынын тизмелери белгилүү.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— арыз ээсинин — жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);

— техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;

— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;

— объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер).

Урматтуу шаардыктар, документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика