15:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров жер мунапысы жөнүндө мыйзамга кол койду

Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзамдын максаты — жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо.

«Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат», — деп жазылган маалыматта.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 17-мартында кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар