Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапары учурунда район акимдери, айыл өкмөттөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйында дыйкандарга мамлекеттик жеңилдетилген насыялар боюнча маалымат берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министрликтин артыкчылыктуу 5 багыты жана мамлекет тарабынан дыйкандарга каралган жеңилдетилген каржы булактары: «Айыл чарбасын каржылоо −13» долбоорунун алкагында «өсүмдүк өстүрүү», «мал чарбачылык», «Сууну үнөмдөөчү технологиялары», «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» долбоору тууралуу кеңири маалымат берилди.
Эске салсак, «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» долбоору 2025-жылдан тартып ишке кирди. Аталган долбоордун максаты — жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоор жалпысынан 60 ай же болбосо 5 жылда иштеп, республикалык бюджеттен жана «Айыл Банк», «Элдик Банктар» тарбынан каржыланат.
Анда мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен, Кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзүшкөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150 млн сомго чейинки каражат, 60 айга 6 пайыздык чен менен жана жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу); күнөскана чарбасын жүргүзүү менен, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги менен, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50 млн. сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган.
Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаевдин Талас облусуна болгон иш сапары учурунда бир нече кайра иштетүү ишканалары, суу объектилер ачылып, электтиктер менен жолугушуулар өттү.