USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу газ убактылуу өчүрүлөт

13:07, 14 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газын берүү үч күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Лермонтов көчөсү, ЧЧК, Биринчи май көчөсү, Бакай-Ата конушу.

Аталган кызмат түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика