2024-жылы Кыргызстанда кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле же жазалоонун 151 учуру катталган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Башкы прокуратуранын маалыматына таянып билдирди.
Башкармалыктын айтымында, бул материалдардын экөөсү боюнча кылмыш иштери козголуп, сотко жөнөтүлдү. «143 материалдын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылып, 6 материал каралууда», — деп айтылат маалыматта.
Улуттук борбор кошумчалагандай, 2012-жылдан 2023-жылга чейин «Кыйноо» беренеси боюнча соттор 15 кызмат адамына (негизинен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине) карата беш кылмыш ишин карап, жыйынтыгында бардык адамдар акталган.
Учурда Улуттук борбор Октябрь РИИБдин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштеринин биринин каралышын көзөмөлгө алууда. Тергөөнүн жыйынтыгында кызматкерлердин аракеттери КР Кылмыш-жаза кодексинин 137-«Кыйноо» жана 343-«Пара талап кылуу» беренелери боюнча квалификацияланган. Кылмыш ишин Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат.