09:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тажикстанда кыйноолорго даттангандар көбөйдү

Тажикстанда милициянын эки кызматкери менен Улуттук коопсуздук кызматынын офицери кыйноо көрсөтүү айыбы менен узак мөөнөттөргө кесилишти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Шариф Курбонзода билдирди.

Анын айтымында, акыркы айларда өлкөдө жарандар милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна даттанган учурлар көбөйдү.

«Быйыл жылдын биринчи жарымында Башкы прокуратурага кыйноолорго даттанган 37 арыз келип түштү. Былтыр болсо жарым жылда 9 гана даттануу болгон», — деди Шариф Курбонзода.

Ошол эле маалда жарандардын көбү күнөөлүүлөр баары бир жазасыз калат деп эсептешип, кыйноолор боюнча көзөмөл органдарына көп кайрылбай тургандыгы айтылып келет.

Былтыр Кыйноолорго жана жазасыздыкка каршы жарандык коом коалициясы өлкөдөгү кыйноолордун болжолдуу картасын түзүп чыгышкан. Укук коргоочулар абалга анализ жүргүзүп, баарынан да кыйноолор кармалгандан кийинки сурак маалында көп колдонулат деген жыйынтыкка келишкен.

Коалициянын маалыматына караганда, адамдар эң көп милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттанышат. Укук коргоочуларга кайрылгандардын 60% (же 120 киши) тартип сакчыларынын кыйноосуна кабылганын билдиришкен.

Алар коалиция кызматкерлерине кыйноолордун түрлөрү жөнүндө айтып беришкен. Алардын билдиришинче, милиционерлер резина союл менен дененин ар кайсыл бөлүгүнө уруу, манжа учтарына ток жиберүү, тырмактардын алдына ийне саюу, кемсинтүү жолу менен психологиялык басым көрсөтүү, зордуктоо же зордуктоо менен коркутуу, күн суукта муздак сууга түшүрүү, сигареттин чогу менен денени күйгүзүү өңдүү ыкмаларды колдонушат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби