14:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Милицияда ур-токмок. Мамлекет кыйноодон өлгөн жарандын үй-бүлөсүнө акча төлөйт

Каржы министрлиги кыйноодон өлгөн Турдубек Акматовдун үй-бүлөсүнө 200 миң сом төлөп берет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аны жактоочусу Сардарбек Абдухаллилов билдирди.

Бул чечимди кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясы бейөкмөт уюму билдиргендей, Турдубек Акматов уурулукка шектүү делип, 2005-жылдын 3-майында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылдык милиция бөлүмүнө чакырылып, суракка алынган. Алты милиция кызматкери аны он саат суракка алып, моюнга албай койгону үчүн сабаган. Акматов ошол күнү кечинде үйүнө чыгып, атасына алты милиционер сабаганын айтып берген. Оозу-мурдунан кан кетип, каза болгон.

Акматовдун атасы уулунун өлүмүнөн кийин прокуратурага кайрылган. Сөөктү иликтөөдө ал башына, көкүрөгүнө жана ички органдарына сокку жегени аныкталган. Өзгөн райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгогон.

Кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясынын маалыматына караганда, маркумдун кыйноодон өлгөнү тууралуу бардык далилдер болгонуна карабай, анын өлүмүн иликтөө 2005-жылдан 2011-жылга чейин создугуп, алты жолу токтотулган. Күнөөлүүлөр кылмыш жообуна тартылган эмес.

Натыйжада, жабыркаган тарап БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арызданган. Комитет Турдубектин кыйноодон өлгөнүн билдирип, анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшү керек деген чечим чыгарган. Маркумдун атасы компенсация өндүрүү талабы менен арыз жазган. Анын арызын Биринчи май райондук соту карады.

Эң көп окулган жаңылыктар