01:02
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Жогорку Кеңештин депутаттарына «Учкунда» китеп басып чыгаруу иштери көрсөтүлдү

«Мекенчил» депутаттык тобу, «Ыйман нуру» жана «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциялары «Учкун» ААКда болуп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов, «Учкун» ачык акционердик коомунун башкы директору Бакытбек Султанов депутаттарга өндүрүш жайларды, цехтердин жабдылышын көрсөтүп, өндүрүш процесси жана чыгарылган продукция тууралуу маалымат беришти.

Атап айтканда, эл өкүлдөрү күйүүчү майды маркалоо, акциздик маркалар, жалпы жарандык паспорттор жана идентификациялык карталарды даярдоо процесси менен таанышты. Мындан тышкары, алар басма жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди даярдоо боюнча өндүрүш бөлүмдөрүн кыдырышты. Ошондой эле Бообек Салимжанов улуттук валютаны чыгаруу процессинин башталышы тууралуу айтып берди.

Президенттин иш башкаруучусунун орун басары атамекендик ишканада масштабдуу модернизация жүргүзүлүп, материалдык-техникалык база жаңыланганын жана заманбап жабдуулар сатылып алынганын белгилеп: «2024-жылы компаниянын жалпы кирешеси 1 млрд 746 млн 665 миң сомду түздү. Бул бекитилген пландан 286,6 млн сомго көп. Ал эми «Учкун» ААКнын таза кирешеси 771 млн 908 миң сомго жетти. Бул көрсөткүч ишкананын техникалык базасын жаңыртуу жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу менен камсыздалды», — деди.

Андан соң «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда депутаттарга санариптик трансформацияга байланыштуу бир катар стратегиялык маанилүү долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

«Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов бирдиктүү санариптик идентификациялык картаны ишке киргизүү долбоорун колдоп, жарандар мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн ар кандай кагаз жана маалымкаттарды чогултпоосу керектигин белгиледи. Ал эми депутаттар Айбек Алтынбеков жана Равшанбек Рысбаев мамлекеттик санариптик кызматтарды жөнөкөйлөтүү демилгесин колдошту.

«Мекенчил» депутаттык тобунун, «Ыйман Нуру» жана «Бүтүн Кыргызстан» фракцияларынын мүчөлөрү «Учкун» ААКнын ишинде жетишилген жыйынтыктарды баса белгилеп, ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулуктарды жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана продукциянын сапатын көзөмөлдөө зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле эл өкүлдөрү алдыңкы технологияларды киргизүүнү улантуу жана өндүрүштүн натыйжалуулугун мындан ары да жогорулатуу керектигин кошумчалашты

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG