«Асман» авиакомпаниясы Раззаков шаарына (Баткен облусу) аба каттамдарынын санын жумасына төрт жолуга чейин көбөйттү. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарыла турганы белгиленген.
Билет баасы 3900 сомдон башталат. Аларды Asman Airlines тиркемеси же компаниянын сайты аркылуу сатып алсаңыз болот.
Эске салсак, Раззаковго каттамдар 2024-жылдын октябрь айында ачылган. Алгач алар жумасына эки жолу жүргүзүлүп, кийинчерээк алардын саны үчкө көбөйгөн.