2025-жылы Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана жашылча-жемиш чарба департаменти мандариндин жаңы сортторун Баткен облусунда сынап көрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди
Маалыматта айтылгандай, суукка чыдамдуу көчөттөр Түркиядан алынып келинет.
Сыноолордун алкагында түрк мандарининин сортторун Баткен облусунун климаттык шартына ыңгайлашуусун, төмөнкү температурага туруктуулугун жана потенциалдуу түшүмдүүлүгүн баалоо пландаштырылууда.
Мандарин сортторун сыноо ийгиликтүү өтө турган болсо белгилүү көлөмдө өндүрүштү жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп, өлкөнүн ички рыногунда жергиликтүү продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө шарт түзүлөт.