Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков «Азаттык» радиосунун жабылышы боюнча комментарий берди.
«Азаттык» радиосуна болгон каржылоонун токтотулуусуна байланыштуу, жабылып калуу тобокелдиги турат. Ал жерде иштеген кесиптештерибиздин жумушсуз калуу коркунучу бар. Биз бул жагдайга кайдыгер эмеспиз, кесиптештерибизди ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз.
Кесипкөй журналисттерди мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, мамлекеттик органдардын пресс-кызматтарына, башка медиа уюмдарга чакыруу, иш менен камсыз кылуу жана аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча сунуштарыбыз даяр. Дасыккан журналисттерди жумушсуз таштабайбыз жана алардын тажрыйбасын, билимин өлкө үчүн пайдалуу багытта колдонууга көмөктөшөбүз. Тажрыйбалуу, мыкты журналисттер көп, алардын кесипкөйлүгү жана медиа чөйрөсүнө кошкон салымы зор. Биз аларга ар дайым колдоо көрсөтүп, жаңы платформаларда өз ишмердүүлүгүн улантуусуна шарт түзүүгө аракет кылабыз«, — деп жазган ал Facebook баракчасына.
Эске салсак, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикти, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радио корпорациясын, «Америка үнү» жана башка айрым маалымат каражаттарын көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттигин (USAGM) кыскартуу боюнча буйрукка кол койгон.