05:44
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Евробиримдик жаштар жана адам укуктарын колдоого Кыргызстанга 5 млн евро бөлөт

Европа биримдиги жаштарды жана адам укуктарын колдоо үчүн Кыргызстанга 5 миллион евро бөлүүнү чечти. Евробиримдиктин эл аралык кызматташтык боюнча комиссары Йозеф Сикела Кыргыз Республикасында жаңы программа ишке киргенин билдирди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

БУУ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан демилге Кыргызстандагы жаштар жана аялдар уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, акыйкатчы институтун чыңдоого, Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин потенциалын жогорулатууга багытталганы айтылат.

Программа жаштардын жана аялдардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна, гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана адам укуктарын коргоого багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG