14:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүүнү өнүктүрүү үчүн 3 миллион евро бөлдү

Евробиримдик Кыргызстандагы санариптик трансформация тармагын колдоо үчүн министрлер кабинетине 3 миллион евро (295 миллион сом) которду. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бул гранттык каражаттар Жогорку технологиялар паркына караштуу Санариптик инновациялык борборунун ишине көмөк көрсөтүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн «Санарип аймак» системасын өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу, киберкоопсуздукту жогорулатуу, атайын түзүлгөн Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу үчүн жумшалат.

«Бул чөйрөдөгү бюджеттик колдоо министрликтерде программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана маалымат базаларын тейлөөгө, бүткүл өлкө боюнча санариптик экономиканы алдыга жылдырууга багытталат. Ал ошондой эле электрондук башкарууну, ачыктыкты жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн көмөгү менен мамлекеттик органдар үчүн окуу программалары менен коштолот», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар