17:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугуп, коронавирустан улам өлкөдөгү жагдайды жакшыртыш үчүн финансылык жардам сурады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Евробиримдиктин өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын Евробиримдик өлкөлөрүнө жайылып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эпидемиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүтүн билдирген.

Ошондой эле пандемиядан улам терс көрүнүштөрдү азайтыш үчүн Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган.

Евробиримдиктин өкүлү Кыргызстандын абалы жана колдоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат уюмдун штаб-квартирасына жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Ушундай эле жолугушуу Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис МакДейган менен өтүп, президент Жээнбеков акыркы кырдаалда каржылык жардам көрсөтүүнү сунуш кылган.

Буга чейин кыргыз бийлиги Эл аралык Валюта Фондуна (ЭВФ) да ушундай өтүнүч менен кайрылган болчу.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди.

Бүгүн вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу жагдайдан улам быйылкы бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар