21:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Евробиримдик Кыргызстанга бөлчү алты миллион еврону кийинки жылга калтырды

Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанда санариптешүүгө бөлө турган алты миллион евро каражатын 2021-жылга калтырды. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө таянуу менен кабарлады.

Мекеме ырастагандай, Евробиримдиктин 2021-2027-жылдарга карата Кыргызстандагы башка программалары боюнча иштер уланууда. Алар — билим берүүгө, саламаттык сактоого, таза сууга байланышкан долбоорлор.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү калган программаларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жаңы парламенттик шайлоодон кийин бекий турган жаңы өкмөт менен жүрөрүн белгиледи.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 15-октябрда билдирүү таратып, «парламенттик демократия жолунда бараткан Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге өткөрүлүп берилгени олуттуу суроо жаратууда деп эсептей турганын» маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар