Бүгүн, 2-августта Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү — Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуулар пландалган.
Ошондой эле Европа биримдигинин жогорку өкүлүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алат.