03:08
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Кардиология институтундагы өрттө эки адам каза тапты

Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында чыккан өрт 2 адамдын өмүрүн алды. Жалпысынан 260 адам эвакуацияланган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди.

Эске салсак, өрт 11-февралда саат 21:00дөр чамасында башталган. Кырсык болгон жерде 6 өрт өчүрүү бригадасы, 2 автошаты, Бишкек шаардык «Куткаруу кызматынын» куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды.

Өрт саат 22:33тө локализацияланып, саат 23:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар