Бишкектиктердин «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коомуна болгон карызы 2025-жылдын 1-январына карата 1 миллиард 160 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында аталган ишкананын директору Уран Райымбеков билдирди.
Ал депутаттарга быйылкы жылы «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы оңдоо иштерине 200 миллион сомго жакын, ал эми реконструкцияга дагы 700 миллион сом жумшоону пландап жатканын айтты. «Бирок бул акча борбордун көйгөйлөрүн чече албайт, анткени жылуулук тармактарынын 72 пайызы эскирген», — дейт Уран Райымбеков.
Бишкектин вице-мэри Талайбек Байгазиев шаарга 200 чакырым магистралдык түтүктөрдү алмаштыруу керектигин, бул үчүн 900 миллиондой доллар керектелерин кошумчалады.