Укук коргоо кызматкерлери алдамчылыкка шектелген 23 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“2024-жылдын 17-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Т. аттуу жаран кайрылган, себеби белгисиз адамдар телефон аркылуу өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып жана алдоо жолу менен ишеничине киришип, 825 миң сом акчасын котортуп алгандыгы тууралуу билдирген. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча иш козголгон.
Укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактап, кармоого жетишкен. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган 23 жаштагы А.Х. болуп чыкты. Тергөө иштери уланууда.
Милициядан сөз ата мекендик телеканалдардын мурдагы журналисти, учурда Кыргызпатенттин басма сөз катчысы кызматын аркалаган Мээрим Ташыбекова тууралуу болуп жатканын билдирди.