17:19
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Бишкектин түштүк-батышында суу өчүрүлөт

2025-жылдын 6-февралында саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын себеби шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу болууда.

 Өчүрүү аймагындагы көчөлөр:

Скрябин — Тыныстанов — Радищев — Панфилов — Медеровго чейин Горький — Лев Толстой — Панфилов көчөлөрү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарга жана калкка ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума