«Кыргыз Республикасындагы ырым-жырымдарды, майрамдарды жана каада-салттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукту чектөө жөнүндө» мыйзам жарандардын конституциялык укуктарына шек келтирбеши керек. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин региондордо маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Атыркүл Сейизова норманы талкуулаган тегерек столдо билдирди.
«Башында 2022-жылы аш-тойлордо жана сөөк коюуда ысырапкорчулукту чектөө боюнча президенттин жарлыгы кеңеш берүүчү мүнөздө болгон. Эми бул мыйзамды иштеп чыгууда жарандардын конституциялык укуктарына шек келтирбөө үчүн бул норманын иштешинин рычагдарын да сунушташыбыз керек», — деди ал.
Атыркүл Сейизова кошумчалагандай, калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бул ишти тиешелүү мекемелер менен биргеликте жүргүзүү керек. Башкача айтканда, сүйлөшүүнү дин кызматкерлери да, мамлекеттик органдар да жүргүзүшү керек. Мындан тышкары, мааракелерди жана эскерүү иш-чараларын өткөрүүнүн эрежелерин түзүүдө кыргыз элинин каада-салттарын эске алуу зарыл.