10:19
USD 8.75
EUR 90.70
RUB 0.92

Азия оюндары. Кыргызстандын керлинг боюнча курамасы кимдер менен беттешет?

Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын керлинг боюнча курама командасы аралаш жана эркектер арасындагы жуптар боюнча күч сынашат. Оюндардын ыраатамасы веб-сайтынан тапса болот.

КР аралаш жуптар боюнча турнирде В тайпасында ойнойт.

4-февраль:

Катар — Кыргызстан;

Кыргызстан — Филиппин;

5-февраль:

Кыргызстан — Кытай;

6-февраль:

Казакстан — Кыргызстан;

Корея Республикасы — Кыргызстан.

Эркектер арасындагы турнирде биздин команда А тайпасында ойнойт.

9-февраль:

Корея Республикасы — Кыргызстан;

10-февраль:

Филиппин — Кыргызстан;

11-февраль:

Кытай Тайбэй — Кыргызстан;

12-февраль:

Кыргызстан — Казакстан.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар