01:08
USD 87.45
EUR 91.64
RUB 1.01

Күндүзү — спорт зал, кечинде — маданият үйү. Мамкурулуштун жаңы сунушу

Кыргызстандын аймактарында спорт залдары менен маданий борборлорду бириктирүү пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган башкармалык социалдык объектилердин курулушун пландаштырууда мындай системаны киргизген.

«План боюнча күндүзү спорт залы, кечинде маданият үйү болот. Жылдыргыч конструкцияларды орнотобуз. Бул тургундар үчүн ыңгайлуу болот», — деди аткаминер.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG