Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору болуп дайындалды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул ректордун жаңы орун басарын тааныштырып, Гүлнара-Клара Саматтын бай өмүр жолуна жана кесиптик тажрыйбасына токтолду.
«Сиздердин командаңызга кошулуу мен үчүн чоң сыймык. Бул абдан күчтүү интеллектуалдык катмар. Мен кызматташууга үмүттөнөм. Бизде окутуучулук жана дипломатиялык ишмердүүлүк боюнча тажрыйбабыз бар, бул КРСУнун өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдө беделин жогорулатууга жардам берет», — деп белгиледи.
КРСУнун ректорунун орун басары эмгек жолун Таш-Көмүр шаарындагы № 7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөө менен баштаган. Тышкы иштер министрлигинде эл аралык коопсуздук боюнча кеңешчи, экс-президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси, «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты кызматтарын аркалаган.
Эске салсак, 2008-жылы Гүлнара-Клара Самат мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тарабынан коркутууга туш болгонун айтып, өлкөдөн чыгып кеткен. 2009-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Кийинчерээк ал аты-жөнүн Клара Кабиловадан Гүлнара-Клара Саматка өзгөрткөн.